Быйыл Бишкек шаарына 800 миң бир жылдык гүл отургузулат

Коом

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарына 800 миң бир жылдык гүл отургузулат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы №1 күнөсканада бир жылдык гүлдөрдүн алгачкы уруктары себилип, өнүп чыккан гүлдөр атайын чөйчөкчөлөргө отургузулууда.

"Дал ушул жерде эмгекчил багбандар гүлдөрдү кылдаттык менен өстүрүшөт", - деп белгилешти мэриядан.

Маалымат үчүн: Пикировка – бул бир жылдык гүлдөрдүн өнүп чыккандарын атайын чөйчөкчөлөргө отургузуу процесси. Бул процедура борбордун гүлзарларына гүлдөрдү отургузууда тамыр системасы жабыркабашы үчүн жүргүзүлөт. Ошентип, тамыр системасы бузулбайт жана гүл отургузуудан кийин оорубайт.