Бишкек, 01.04.24./Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы №10 Тайгараев атындагы орто мектебинин 9-10-11-класс окуучуларына Жалал-милиция жана мэр тарабынан чукул жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри жана Жалал-Абад ОИИБдин КККнын башчысы катышты.
Жолугушуунун максаты — жаш өспүрүмдөр арасында коомдук коопсуздукту, кылмыштуулукту, укук бузууларды болтурбоо болуп саналат.
Мэр Эрнис Ормоков балдарга өзүнүн насааттарын айтып ата-эне, мугалимдерди сыйлоого чакырды.
Жалал-Абад ОИИБдин КККнын башчысы Алмаз Жусупов өспүрүмдөр арасында мектептерде топтошуп мушташууларды, мамлекетке таандык болгон ишкана мекемелердин эшик, терезелерин сындырбоону жана түнкү саат 22:00дөн кийин ата-энесинин коштоосу жок жүрүп ар түрдүү кылмышка шериктештик болуудан оолак болууга чакырды.
Соңунда мэр ата-эне, мугалимдерге балдарды тарбиялоодо милиция кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруусун эскертти.
Эскерте кетсек, Аксы районунда 18 жаштагы мектеп окуучусу бычак жеп каза болду.
Учурда окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.