Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругуна ылайык, Кыргызстанда бардык медкызматкерлер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилди. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине министрликтен тастыкташты.
Документке ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарына Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Республикалык иммунопрофилактика борбору менен бирге медициналык жана башка кызматкерлер арасында бир айдын ичинде милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тапшырмасы берилген.
Ошондой эле эмдөөдөн өткөндөргө байкоо жүргүзүүнү уюштуруу тапшырылды.
