Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. Будапешт шаарында өтүп жаткан HUNGEXPO «Travel Show Budapest 2022» Эл аралык туристтик көрмөсүнүн алкагында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - туризм департаментинин директору Самат Шатманов Венгриядагы Түрк мамлекеттер уюмунун өкүлчүлүгүнүн аткаруучу директору Янош Ховари менен жолукту. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу алкагында Шатманов Янош Ховари менен кыргыз-венгр туризм тармагын мындан ары чыңдоо жана туруктуу туризмди өнүктүрүү жөнүндө пикир алмашты.
Ошондой эле Будапешт шаарында Кыргызсандын маданий күндөрүн жана туристтик көргөзмө-жарманкесин уюштуруу талкууланды. Жолугушууда КАТО, КАТОС туристтик ассоциацияларынын жетекчилиги жана Хельветас уюмунун "Гринтур" долбоорунун өкүлдөрү катышты.
Шатманов Түрк мамлекеттер уюмуна ыраазычылыгын билдирип, бир тууган венгр элинин меймандостугун өзгөчө белгиледи.