Бишкек, 25-июль /Кабар/. 2017-жылдын 23-июлундагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Т.Үмөталиева, К.Ташиев жана А.Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каралып, катталды.
Ошентип, БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей:
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Үмөталиеванын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- Когай Леонтий Николаевич;
- Муратов Акылбек Иркинович;
- Уметалиева Назгул Джунушбаевна;
- Тенизбаева Чинара Турсунбековна катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
-шайлоо боюнча Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич жана Сатыев Медербек Асанбекович;
-каржы маселеси боюнча Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич жана Матиева Ырысхан Рустамовна катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
-шайлоо боюнча Бекназаров Жаныбек Денисбекович;
-каржы маселеси боюнча Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна катталды.
Ошондой эле КР БШК КР Президенти кызматына талапкер С.Карасартованын берген арызынын негизинде шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырып алуу боюнча токтом кабыл алды.