БШК төрайымы кандай учурда шайлоо өткөрүүгө болбой тургандыгын айтып берди

Шайлоо 2020

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кандай учурда шайлоо өткөрүүгө болбой тургандыгын айтып берди.

Анын айтымында мыйзам боюнча өлкөдө өзгөчө же аскер абалы киргизилген учурда шайлоо өткөрүүгө болбойт.

"Эпидемиологиялык абал туруктуу болуп, эпидемиологиялык абалга байланыштуу шайлоо боюнча маселе каралбайт деп үмүт кылалы", - деди ал.