• 87.45
  • 98.28
  • 1.09

Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо 5-октябрда өтөт

Аймак 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-сентябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 5-октябрында 9-00дөн 12-00гө чейин өтөрү белгиленди.

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэри А.Д. Халбеков берилген арызына ылайык кызмат ордунан бошотулган.

БШК мэрди шайлоону санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий