Бостериде жергиликтүү тургун эс алууга келген 6 жашар баланы сүзүп кетти

Кырсык

Бишкек, 3-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бостери айылындагы “Кыргызское взморье” эс алуу жайынын аймагында жергиликтүү тургун кокустуктан үй-бүлөсү менен эс алууга келген 6 жашар баланы сүзүп алган.

Милиция кызматкерлеринин билдиришинче, кырсык болжолу менен кечээ саат 19:00дө болгон. “Хонда фит” унаасынын айдоочусу 23 жаштагы А. Т., пансионаттан өтүп баратып, жолго чыга калган баланы көрбөй калган.

Баланы Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткиришкен. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, машина унаа токтотуучу жайга токтотулду.

Мурдараак ММКда жол кырсыгынан баланын апасы дагы жабыркаганы жазылган, анткен менен облусттук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы бул маалыматты четке какты.