Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бостериде өрттөн эки баланы куткарган милиция кызматкерине ИИМдин сыйлыгы тапшырылды.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, Бостери айылынын айылдык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү Бакытбек Максутов ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбековдун атынан “Каармандык ” ведомстволук медалы менен сыйланды. Сыйлыкты облустук милициянын башчысы Мурат Боронов тапшырды.
Бул сыйлык милиция кызматкерине Бостери айылындагы көп кабаттуу үйлөрүндүн биринде 17-ноябрда катталган өрт кырсыгынан 4 жана 9 жаштагы эки баланы куткарып, эрдик жана ыкчамдыкты көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылды.
Мурат Боронов сыйлык тапшыруу учурунда мындай эрдиктер милиция кызматкерлеринин коомдогу орду жана жоопкерчилиги канчалык маанилүү экенин көрсөтөрүн баса белгиледи.