• 87.02
  • 95.29
  • 1.05

Бишкекте оңдоодон кийин Байтик Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Коом 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жогоруда аталган участокто капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин Токомбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылган.

Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий