Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. Борбор Азия боюнча Тажикстанда жол кырсыгынан мерт болгондор көп. Бул тууралуу currenttime.tv жазат.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы Тажикстанда жол кырсыгынан 2 миң киши мерт болгон. Мындай статистиканын негизги себептеринин бири – жол эрежесин сактабагандык.
Тажик милициясынын маалыматы боюнча, жол кырсыгынын 50% – жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен учурлар.
Бирок Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө жол кырсыгынан каза болгондор тууралуу маалымат жок.
Ал эми Кыргызстанда мурдагы жылы жол кырсыгынан 900 адам каза болгон.