Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, каттам эки тараптуу жабылды

Коом


Бишкек, 05.08.22./Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 136-чакырымында (Боом капчыгайы) болжол менен саат 16:30дар чамасында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, каттам эки тараптуу убактылуу жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

Министрлик айдоочуларга убактылуу жолго чыкпай турууну сунуштайт.