Боом капчыгайында бетон тосмону сүзгөн унаа өрттөнүп кетти — видео

Кырсык


Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда болжол менен саат 09.54тө Боом капчыгайында Бишкек — Торугарт унаа жолунун 122-чакырымында «Ауди» үлгүсүндөгү унаа бетон тосмону сүзгөн.

“Кабар” агенттигине Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен бир адам жабыркаган.

Тосмону сүзгөн соң унаадан өрт чыккан.