Биз президент Садыр Жапаровго эки жана мага 5-6 кол салууну алдын алдык - Камчыбек Ташиев

Саясат

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери президент Садыр Жапаровго карата эки кол салууну алдын алды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

"Мага карата 5-6 кол салуу даярдалган. Атүгүл мен жүрө турган жолду жардырууга аракет кылышкан. Атайын кызматтардын жана милициянын сактыгы алардын пландарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген жок", - деди ал.

Ташиев белгилегендей, мындай аракеттер уланууда жана алар үчүн чоң өлчөмдөгү финансылык каражаттар бөлүнүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну, "Рус Коен" жана "Руслан Бостеринский" деген каймана аттары менен белгилүү болгон жаранды кармаганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал УКМКнын жетекчилигине кол салууну уюштурууну пландаган.