Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынын "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын директору болуп Адилет Билимбек уулу дайындалды.
Жаңы жетекчини ишкананын кызматкерлерине Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев тааныштырды.
Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынды.