Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Бишкекке “Ошжарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдайт.
“Ошжарык” ишканасынын кызматкерлерин "Бишкекжарыктын" жамааты тосуп алып, жумушчу жыйында көйгөйлүү маселелер талкууланып, тажрыйба алмашылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Бишкекжарыктын" командасы өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымды (СИП) кантип төшөө керектигин, заманбап светодиоддук жарыктандыруунун салттуу жарык булактарынан артыкчылыгын көрсөтүштү.
Белгиленгендей, жолугушуу теориялык билимди жана тажрыйба бөлүшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду.
"Бишкекжарык" жана "Ошжарык" ишканалары тажрыйба алмашты
21/11/22 13:29 Коом