Бишкектин борборуна дарактардын көчөттөрү отургузулууда

Коом

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын багбандары ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн Фрунзе, Токомбаев, Байтик Баатыр көчөлөрүндө жана 7-Апрель кичи сейил багы менен Жеңиш аянтына отургузууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жалпы 280 даана жаңы көчөт отургузулат.

Эскерте кетсек, Жеңиш аянтындагы эски теректердин ордуна жаңы кайың көчөттөрү отургузулду.