Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бишкектин түштүгүндөгү 7-кичирайондо жашоочулар кыздын жансыз денесин табышты. Ал жерге барган милиция кызматкерлери ал өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн экендигин айтышты.
Күбөлөр “Кабар” агенттигине жансыз денени бүгүн эртең менен № 150 үйдүн алдынан табышканын билдиришти.
Милициядан кыздын өздүгү тактала электигин айтышты. Анын сырткы көрүнүшүнөн 25 жашта болушу мүмкүн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон окуя тууралуу тактап, күбөлөрдөн сурак алууда.