Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Автопоезддер транспорт каражаты катары таанылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай кортунду Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук-эксперттик кызматы тарабынан чыгарылды.
Корутунду шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун жөө жүрүү коопсуздугуна тынчсызданган көптөгөн даттанууларына жооп иретинде чыгарылган.
Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, автопоезд транспорттук каражат катары таанылып, ал отургучтары бар сүйрөөчү жана чиркегичтерден турат жана төмөнкү элементтер менен келет:
- көз карандысыз электр булагы менен иштеген электр кыймылдаткычы;
- рул башкаруу;
- дөңгөлөктөр;
- диск токтоткучтары (тормозу).
Белгилей кетсек, Ала-Тоо аянтында автопоезддерге каршы түнкү рейддин жүрүшүндө КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык укук бузуучуларга карата эки протокол түзүлгөн.
Системалуу түрдө бузуулар болгондо КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 184-беренесинин 2- бөлүгү боюнча жоопкерчиликке алып келет.
Бишкек мэриясы жарандардан коопсуздукту камсыз кылуу максатында автопоезддин кызматын колдонбоону суранат, көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын кыймылы аныкталган учурда 102 кыска номери боюнча кабарлап коюуну өтүнөт.