Жол оңдоо. Бишкектин Сүйүмбаев -Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши 4 күнгө жабылды

Коом

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин Бишкектин Сүйүмбаев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолдун кесилиши Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин майдаланган-мастик асфальтбетон төшөө иштерине байланыштуу жабылады.

Эске сала кетсек, Сүйүмбаев көчөсүн бойлой Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлүүдө.

Жолчулар фрезер менен асфальттын бир катмарын алып, эски бордюрларды демонтаждап, жаңысын орнотушту. Ошондой эле түтүктөрдү жана жол бордюрларын алмаштыруу жана орнотуу иштери жүргүзүлдү.