Бишкек, 22.02.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкектин борборунда эки жеңил унаа менен троллейбус кагылышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине күбөлөр кабарлашты.
Алардын айтуусуна караганда, жол кырсыгы болжол менен саат 9:35 чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.
Кырсыктын натыйжасында жол тыгыны пайда болгон, алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Учурда окуя болгон жерде ЖКККББнын кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.