• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкектин мэринин милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Бакетаев аткарат

Коом 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов COVID-19 оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу муниципалитеттин башчысынын милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Шаардык жана ыкчам штабдар кадимки режимде иштөөдө, бардык кызматтар жана акимчиликтер өз ишмердүүлүгүн улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий