Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Октябрь райондук администрациясы жана №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи Бишкектеги жалпы билим берүү уюмдарында кесиптик багыт берүү боюнча жолугушуу өткөрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуулар 2-апрелден 15-апрелге чейин орун алып, ага мектеп директорлору, 9,11-класстын бүтүрүүчүлөрү жана алардын ата-энелери катышып, анын жүрүшүндө ата-энелер жана окуучулар жаңы инновациялык технологиялар дүйнөсү менен таанышты.
Кесип тандоо адамдын жашоосундагы негизги милдеттердин бири экендигин белгилей кетүү керек. Бул маселе мектеп окуучулары үчүн өзгөчө актуалдуу болуп саналат.