Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Ленина айылынын Алма-Атинская көчөсүнө жаңы сейил багын курууну пландалууда.
Мамкурулуштан кабарлашкандай, Чүй обладминистрациясынын шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн архитекторлору Достук айыл өкмөтүнө караштуу Ленин айылындагы Алма-Ата көчөсүндөгү тилкеге муниципалдык парктын долбоорун иштеп чыгышты.
Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталды. Болжолдуу аянты 1,5 гектарды түзөт.
Бишкектин Ленин айылында жаңы парк куруу пландалууда
14/10/24 11:19 Коом