Бишкектин конуштарында 4 мектептин курулушу уланууда — сүрөт

Коом

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бишкектеги жаңы конуштарда мектептерди куруу иштери улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда «Алтын-Ордо» конушунун мектебинде имараттын 3-кабатына сейсмикалык тилке куруу жана 2-3-блоктордун чатырын орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошону менен катар откананын курулуш-монтаждоо жумуштары да жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде, "Ак-Бата" конушундагы №43 орто мектептин аймагына кошумча имарат курулуп, анда спорт зал, мугалимдер бөлмөсү жана китепкана жайгашкан. Азыр спорт залдын 2-кабатын арматураларды орнотуу жана бекемдөө, полдун астын толтуруу, сырткы дубалдарын төшөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, "Рухий-Мурас" конушунда жалпы билим берүү мектебин куруу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда 1-блоктун жана конференц-залдын колонналары, ошондой эле спорт залдын башмак фундаменти орнотулууда.

Ошондой эле Мурас-Ордо конушундагы 660 орунга эсептелген жалпы билим берүүчү мектептин курулушу уланууда. Учурда бул объектиде үч блоктун тең дубалын электр менен камсыздоо, желдетүү, ички шыбак иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле отказандын курулуш-монтаждоо иштери, жасалгалоо иштери үчүн материалдарды сатып алуу, терезе-эшиктерди орнотуу үчүн даярдоо иштери жүрүп жатат. Жакында мектептин айланасын жакшыртууга даярдыктар башталат.

Белгилей кетсек, жумуштардын сметалык наркына имараттарды бүтүрүү, тышкы инженердик тармактарды куруу жана жашылдандыруу да кирет.