Бишкек, 08.08.20 /Кабар/. Бишкектин кире жана чыга беришиндеги бардык санитардык-көзөмөл посттору алынып салынды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы тарабынан кабыл алынды. Буйрукка комиссия төрагасы, борбордун вице-мэри Азиз Алымкулов кол койду.
Белгилей кетсек, шаардын чек араларында 12 санитардык-көзөмөл постту коюлган. Жерине ЖКККББнын 24 кызматкери, КР ИИМинин ички коопсуздук аскер кызматынын 40, ИИМ атайын багыттагы полкунун 40 кызматкери жана Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтеринен 24төн кызматкер тартылган.