Бишкектин көчөлөрүн кыдырган төө куш кармалып, ээсине жеткирилди

Коом


Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүн кыдырган төө куш (страус) кармалды.

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, 14-сентябрда саат 8:40та милиция кызматына Көк-Жар кичирайонунда төө куш жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, шаарды айланып чуркаган төө куш кармалган. Канаттуу И.У. аттуу ээсине өткөрүп берилген.