Бишкектин чок ортосундагы имараттан чыккан өрт чектөөгө алынды

Кырсык

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бишкектеги Москва менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан чыккан өрт чектөөгө алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Өрткө-каршы бөлүктөрүнөн үч бөлүм жана Штаб тартылган.

"Өрт саат 22:12де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМден.