Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бишкектин Логвиненко көчөсүн бойлой Бөкөнбаев көчөсүнөн темир жолго чейинки жөө адамдар өтүүчү жолду оңдоо иштери башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, "Бишкекасфальтсервис" ишканасы жолдун бул тилкесинде түштүк-чыгыш тарабындагы тротуарды курууда. Ишкана тарабынан буга чейинки эски асфальттын катмары жана айрым жерлерине орнотулган плиталар алынып салынды.
Тротуар тосмолорун орнотуу иштери Бөкөнбаев көчөсү менен кесилиштен башталды.
Бишкектин борборунда дагы бир тротуардын курулушу башталды
13/05/23 16:16 Коом