Бишкектин борборунда бир адамды ур-токмокко алгандар кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 02.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери ээнбаштыкка шектүү жарандарды кармады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-январында болжол менен саат 04:45 чамасында Бишкек шаардык милицисынын "102" кызматына Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафелердин биринде балдар уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, окуянын чоо-жайын тактаган. Маалым болгондой, 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаранды "ГБР" күзөт кызматкерлери сөгүп, уруп койгон.

Жазылган арыздын негизинде кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган К.К. жана 2000-жылы туулган Б.Т. аттуу жарандар кармалып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факт Биринчи май райондук ИИБсы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.