Бишкектин Биринчи май районунда аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Коом

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунда аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түркиянын ТИКА фонду Биринчи май акимчилиги менен биргеликте аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомдорун: ун, өсүмдүк майы, макарон, күрүч, кант, чай жана курма берди.

Акимчилик жана кайрымдуулук уюмдары райондун муктаж болгон тургундарына жардам көрсөтүүнү улантууда.

Бишкек мэриясы муктаж жарандарга колдоо көрсөткөн уюмдарга ыраазычылык билдирет.