• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкектин базарларында этти өз баасында саткан аянтчалар уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын азык-түлүк базарларында социалдык аянтчалар уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Эттин баасын турукташтыруунун алкагында Бишкектеги Аламүдүн, Орто-Сай, Ош, Чынар, Ак-Эмир, Дордой моторс базарларында жайгашкан азык-түлүк базарларында уй эти, майда жандыктардын жана жылкы эттерин социалдык аянчалардан сатып алуу пункттары уюштурулду. Этти базарларда жайгашкан социалдык аянтчалардан ортомчусуз, дыйкандардын баасында сатып алууга чакырабыз,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий