Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бишкектин Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.
Белгилей кетсек, бул тилкеде акыркы жолу 2008-жылы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Мэриядан белгилешкендей, унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол этап менен жабылууда. Бүгүнкү күндө көчөнүн түштүк тарабы жабылып, андан кийин жолдун түндүк тарабын жабуу пландалууда.
