Бишкектин айрым аймактарында 2 күнгө газ жок болот (тизме)

Коом

Бишкек, 12.03.18. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө газ жок болот,-деп билдирет “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 13-14-мартта Бишкек шаарынын Токтогул, Шопоков, Киев, Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.