Бишкектин айрым аймактарында 2 күнгө газ өчүрүлөт

Коом

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 2 күнгө газ өчүрүлөт, - деп билдирет “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 6-7-июнь күндөрү Бишкек шаарынын М.Ганди, Мидин, Жаштык көчөлөрүнүн аймагында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.