Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары Россиянын Новосибирск шаарында угуусу начар спортчулар арасында волейбол боюнча эл аралык турнирде 3-орунга ээ болду.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чарага кыргыз спортчуларынан тышкары Казакстандын жана кабыл алган жактын волейболчулары катышты. Жалпысынан 10 команда оюн көрсөттү. Тайпанын машыктыруучусу Элмира Султаналиева.
Бишкектик волейболчулар Россияда өткөн эл аралык турнирде коло байгеге ээ болду
30/09/22 11:56 Спорт