Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз авиакаттам ачуу пландалууда

Коом

Бишкек, 30.05.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз авиакаттам ачуу пландалууда.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кореялык T'way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 11-июндан тарта Сеул - Бишкек - Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда.

Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат - учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде.

Үзгүлтүксүз каттамдар Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу аткарылмакчы.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААК аталган каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.