Бишкектеги жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 2 жүргүнчү жабыркады

Кырсык

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Бишкектеги 7-апрель жана М. Горький көчөлөрүнүн кесилишинде “Mercedes-Benz” жана “Toyota Avensis” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык бүгүн, 21-январда болжол менен түнкү саат 00:35тер чамасында болгон.

Анын кесепетинен “Toyota Avensis” унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял каза болгон.

“Toyota Avensis унаасынын айдоочусу 1989-жылы туулган Б.Э.Д жабыркаган эмес. Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.Э.М жана жүргүнчүсү 1993-жылы туулган Р.у.Э жабыркаган”, - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.