Бишкектеги "Сейтек" балдар борборунда сахнанын пардасы күйгөн

Кырсык

Бишкек, 28.12.22./Кабар/. Бишкектин Абдымомунов көчөсүндөгү “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда сахнанын пардасы күйгөн.

ӨКМден агенттикке билдиришкендей, өрт өрт өчүрүүчү унаа жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жабыркагандар жок.