Бишкектеги перинаталдык борбордун курулушу башталды

Коом

Бишкек, 29.08.17. /Кабар/. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, борбор “Эне жана баланы коргоо IV-V” долбоорунун алкагында 10,5 млн еврого курулууда. Перинаталдык борборду куруу боюнча келишимине 2017-жылдын 19-июлунда кол коюлган.
Тендерди утуп чыккан курулуш компаниясы учурда курулуш иштери үчүн аянтты даярдоодо. Майда иштер 10 күндүн ичинде бүткөрүлүп, андан соң Перинаталдык борбордук негизги имаратынын пайдубалын куруу башталмакчы.