• 87.02
  • 95.29
  • 1.05

Бишкекте үй-жайсыз адамдардын баш калкалоочу жайы иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. Октябрь районунун аймагында үй-жайсыз адамдардын баш калкалоочу жайы ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө баш калкалоочу жайда бардык керектүү иштер жасалды жана мекеме убактылуу үй-жайы жок адамдарды кабыл алууга даяр.

Андан сырткары, мэриядан кабарлашкандай, бир маал ысык тамак берилип, күн сайын Октябрь районунун ИИБнын кызматкерлери кезметте турушат.

Пикир

Оставить комментарий