• 87.45
  • 98.45
  • 1.08

Бишкектеги мектептер жаңы жылдан кийин ачылышы мүмкүн – Санэпидкөзөмөл борбору

Коом 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан кийин ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.

“Бишкекте 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус оорусу азайган учурда мектептер үчүнчү чейректен баштап кадимки тартипте иштей баштайт”, - дейт ал.

Кундашев борбор калаадагы жеке мектептер 6-класска чейинки балдарды офлайн режиминде окутуп жатканын эскертип кетти.

Пикир

Оставить комментарий