Бишкектеги мектеп лигасынын катышуучулары Ысык-Көлдө эс алууда

Коом

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Жайкы каникулда жаш бишкектиктер шаардык "Мектеп лигасы" спорттук программасына катышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Программага ылайык, спорттун 12 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү: стол тенниси, дартс, шахмат, бадминтон, волейбол, тогуз коргоол, баскетбол, кичи-футбол, ордо, жеңил атлетика жана гандбол.

"2020-жылы спорттун жети түрү өткөрүлгөн. Калган 5 түрү, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2021-жылы уюштурулду. Программанын жыйынтыгы боюнча сынактын 412 жеңүүчүсү ден соолукту чыңдоо үчүн "Алтын Булак" пансионатына этап-этабы менен жөнөтүлөт.

Жалпысынан жети агым болот. Эки агым эс алып, жаңы күч менен аман-эсен кайтып келишти. Балдар мугалимдер, ИДНдин инспекторлору менен бирге ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кайгуул кызматынын коштоосунда жөнөтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Каникулда жаш спортчуларга медалдар, дипломдор, сыйлыктар жана кубоктор тапшырылат. Ошондой эле, пансионатта эс алууну уюштуруу үчүн ар кандай спорттук мелдештер, дискотекалар жана мелдештер өткөрүлүп турат.