Бишкек, 11.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарындагы Эски аянтта шаар тургундары жана коноктору айт намаз окушту. Ага дээрлик 15 миңге жакын жаран катышты, - деп билдирет Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, эч кандай тартип бузуу фактылар катталган жок.
Шаардык милициянын жеке курамы коомдук тартипти сактоо максатында штаттык режимде иштеп жатат.