Бишкектеги “Келечек" реабилитациялык борборунда 100 бала ден соолугун чыңдоодо

Коом

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Бишкектеги “Келечек” балдардын жаңы реабилитациялык борборунда 100 бала физикалык жана психологиялык саламаттыгын калыбына келтирүү боюнча курстан өтүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Борбор 2022-жылдын декабрында ишке берилген. Учурда бул жерде 60 бала күндүзү келип-кетип дарыланса, 40 бала жатып дарыланууда. Аларга петиарлар, массажисттер, тиш доктурлар, физиотерапевттер, психологдо өңдүү адистер саламаттыгын чыңдоого көмөк көрсөтүүдө.

Орунбеков реабилитациялык борбор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулгандыгын кошумчалады.