Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда 140 орундуу, 7 топко ыңгайлаштырылган бала бакчанын курулушу башталды.
Бишкек мэрриясынан билдиришкендей, бала бакчанын аянты 1 390 чарчы метрди түзсө, жалпы аянты 0,68 гектар.
Бала бакчанын имаратында уктоочу, ойноочу, жуунуч бөлмөлөр, буфет, ашкана, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар каралган.
Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда бала бакча курула баштады
12/04/23 13:15 Коом