Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардын кайсыл даректеринде көмүр сатылып жаткандыгы тууралуу айтып берди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкекте көмүр төмөнкү даректерде сатылууда:
Ленин районунун аймагында 7 көмүр базасы бар:
- Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы. (Кара-Кече көмүрү);
 - Мурманск көчөсү, 45/2 дарегиндеги “Кара-Тоо” ЖЧКсы(мурдагы "Торг-Синтез" ЖЧКсы) (Кара-Жыра көмүрү);
 - Мурманск көчөсү, 122, 122а дарегиндеги “Береке” ЖЧК(Кара-Кече көмүрү);
 - Мурманск көчөсү, 1Б дарегиндеги “Беш Сары" ЖЧК (Кара-Кече көмүрү);
 - Коргоо министрлигинин Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегинде жайгашкан көмүр базасы (Кара-Кече көмүрү);
 - Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегиндеги “Болотбеков” жеке ишкер (Кара-Кече көмүрү);
 - Мурманск көчөсү, 1Б дарегинде түштүк тараптан киргенде “Золотая корпорация” ЖЧК (Шабыркүл көмүр).
 
Октябрь районундагы көмүр сатуу пунктунун дареги:
- "Төкөлдөш" конушу "Аламүдүн" станциясында "Глобал Азия Пропертиз" ЖЧК.
 
Свердлов районундагы көмүр сатуу пунктунун дареги:
- Достоевский көчөсү, 1 дарегинде ИК «Гефест».
 
Бишкек мэриясы шаардыктарды күз-кыш мезгилине карата көмүрдү алдын ала камдап алууну суранат.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий