Бишкектеги Чүй проспектисинин түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат

Коом

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги Чүй проспектисинин түштүк тарабы жабылат, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 15-июлдан тарта Чүй проспектисинин түштүк тарабы - 7-апрелден Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Жолду оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына чейин уланат. Проспектинин түндүк тарабы аркылуу унаа кыймылы жүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.