Бишкектеги бала бакчалардын бирине декоративдик искусство студиясы ачылды

Коом

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Бишкектеги бала бакчалардын бирине декоративдик искусство студиясы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №186 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балкондорду реконструкциялоонун эсебинен 4 тайпага – орто, 2 жогорку жана даярдоо тобуна 120 чарчы метр кошумча аянт пайдаланууга берилди.

"Кошумча аянтча балдардын ийримдик чыгармачылык ишмердүүлүгү үчүн иштейт. Балдарды декоративдик искусствого үйрөтүү үчүн Стем-Арт-Студия ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Студияда балдар манжа театрынын атрибуттарын, кол өнөрчүлүктүн бардык түрлөрүн жана түстүү кийизден майрамдык жасалгаларды жасоону үйрөнөт.

Студиянын иши колдун майда моторикасын, балдардын эстетикалык кабылдоосун өнүктүрүүгө багытталган.