Бишкектеги Улуттук госпиталда үч ай мурда эгиз төрөгөн жаш келин көз жумду

Кырсык

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук госпиталда жаш келин көз жумду. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 17-февралда болжол менен саат 18:00дө милициянын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо Биринчи май райондук ИИБсинин ыкчам-тергөө тобу барган. Маалым болгондой, 2001-жылкы Ж.Э., аттуу келин декабрь айынын аягында Караколдо эгиз төрөгөн. 6-февралда Бишкектеги Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Аталган факт Биринчи май райондук ИИБсинин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тиешелүү экспертизалар да дайындалды.